Бишкекте кирпич заводдон чыккан кара түтүн боюнча текшерүү жүргүзүлдү
Бишкек шаарындагы “Алтын Казык” конушундагы кирпич заводдон чыккан кара түтүн боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы, ошондой эле Экологиялык мониторинг департаменти заводдун аймагын текшерди.
2026-жылдын 17-июлуна караган түнү саат 04:00 чамасында жүргүзүлгөн кароодо атмосфералык абадан лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ишканада синтетикалык материалдарды, желим калдыктарын же тиричилик таштандыларын жагуу фактылары табылган жок.
Абанын курамы боюнча лабораториялык жыйынтыктар кийинчерээк жарыяланат.