Бишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылышына 21 жерден шаттл-автобустар каттайт
31-августта Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. Бул күнү көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында борбор калаанын 21 жеринен «Бишкек Аренага» атайын шаттл-автобустар каттайт.
Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору өздөрүнө ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап, ал жерден шаттл-автобуска отуруп, түздөн-түз стадионго жете алышат.
Шаттлдардын негизги жөнөө пункттарынын арасында мурдагы Батыш жана Чыгыш автобекеттери, темир жол бекети, «Тунгуч» кинотеатры, «Ак-Кула» автобекети, Асанбай жана Аламүдүн-1 кичи райондору, Көк-Жар, Маевка жана Ала-Тоо конуштары, ошондой эле шаардын башка аймактары бар.
Шаттл-автобустар төмөнкү 21 жерден жөнөйт:
- Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
- Жибек Жолу проспектиси – Кулиев көчөсү, мурдагы Батыш автобекети;
- Барпы Алыкулов көчөсү, 32;
- А. Токомбаев көчөсү, 3/7;
- «Ак-Кула» автобекети;
- Ауэзов көчөсү, 4;
- «Тунгуч» кинотеатры;
- Аул көчөсү, 10А/1;
- Жибек Жолу проспектиси, 263/2, мурдагы Чыгыш автобекети;
- Иса Ахунбаев – Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;
- Алтымышев көчөсү, 98/1;
- Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6;
- Эркиндик бульвары, 1/А, темир жол бекети;
- Жаш Гвардия көчөсү, 287, Маевка;
- Малдыбаев көчөсү, 275/6;
- Шабдан Баатыр көчөсү, 52, ДЕПО-2;
- Ю. Фучик көчөсү, 6, ДЕПО-1;
- Дэн Сяопин проспектиси, 209;
- Гагарин көчөсү, 284;
- Ала-Тоо көчөсү, 115;
- Тыналиев көчөсү, 16.
Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү кайра жеткирүү үчүн да шаттл-автобустар иштейт. Алар «Бишкек Арена» стадионунан жогоруда көрсөтүлгөн пункттарга тиешелүү багыттар боюнча каттайт.
Бишкек мэриясы жарандарды жолун алдын ала пландап, өздөрүнө ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандоого чакырат.
Шаттлдардын каттамдары жана жөнөө пункттары тууралуу толук маалыматты «Менин шаарым» («Мой город») мобилдик тиркемесинен алууга болот. Ошондой эле тиркеме аркылуу транспорттун кыймылын онлайн көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мэрия көрүүчүлөргө иш-чарадан кийин транспортту оптималдуу пайдалануу үчүн «Бишкек Аренага» кайсы пункттан келген болсо, кайра ошол багыттагы шаттл-автобус менен кайтууну сунуштайт.