Бишкекте көчө китепканасы жана шахмат аянтчасы пайда болот

21-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 176

Бишкектеги Жусуп Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги коомдук мейкиндикти көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор даярдалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Долбоордо эс алуу жайы, шахмат ойноочу аймак, көчө китепканасы, балдар аянтчасы жана спорттук машыгуу зонасы каралган.

Мындан тышкары, фонтандар жаңыланып, унаа токтотуучу жай жана коомдук даараткана курулат.

Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр менен унаалар үчүн өзүнчө аймактар уюштурулуп, мейкиндикти коопсуз жана ыңгайлуу кылуу пландалууда.

Долбоорду ишке ашыруу жана аймакты көрктөндүрүү иштерин Бишкек мэриясы жүргүзөт.

21-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 176
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X