Бишкекте коомдук транспорт кадимки тартипте иштеп жатат
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда маршруттук унаалардын айдоочулары 3-майда жол кире акысын көтөрүү үчүн митинг өткөрүп, иш таштай тургандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Бирок, бүгүн Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматы коомдук транспорттор өз нугунда иш алып барып жаткандыгын билдирди.