Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерди колдонуу тартиби өзгөрөт
Бишкекте жеке автоунаалардын коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелер менен жүрүүсүнө жаңы тартип киргизилет.
Эми иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө чейин жеке унаалардын бул тилкелерге кирүүсүнө тыюу салынат. 20:00дөн 08:00гө чейин, ошондой эле ишемби жана жекшемби күндөрү жүрүүгө уруксат берилет.
Жаңы тартип жол белгилери орнотулуп, жол кыймылын уюштуруу схемаларына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин күчүнө кирет.
Ошол эле учурда Бишкектеги жолдорду оңдоо иштери уланууда. 151 көчөдө иш башталып, анын 84үндө иштер толук аяктады. Мындан тышкары, мектептердин жанындагы жол белгилери жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр жаңыртылат.
Жыл аягына чейин шаарда дагы 6 оңго бурулуучу кошумча тилке уюштурулуп, алардын жалпы саны 10го жетет.
Бөлүнгөн тилкелерде жол эрежелеринин сакталышы күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнөт.