Бишкекте көп функционалдуу маданий борбор салынууда
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы борбор калаада заманбап маданий борбордун курулуш иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында 92 унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жайы бар үч кабаттуу заманбап имарат салынууда. Курулуш үчүн бөлүнгөн жер тилкесинин жалпы аянты 0,4 гектарды түзсө, имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы метрди камтыйт.
Маданий борбордо 420 орундуу кинотеатр, музыкалык жана театралдык класстар, 330 орундуу көргөзмө залы, фуд-корт жана маданий, коомдук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган көп функционалдуу залдар каралган.
Учурда объектте жер төлө бөлүгүнүн темир-бетон каркасын куруу иштери толук аяктады. Азыр биринчи кабаттын колонналарын орнотуу, кабат аралык жабууну бетондоо иштерине даярдык көрүү жана курулуш аянтында топуракты кайра толтуруу иштери жүрүп жатат.
Курулуш иштерин «Гипер Строй» ЖЧКсы жүргүзүүдө.