Бишкекте көп функционалдуу спорттук жана эс алуу аянтчасы ачылды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Абдрахманов жана Самойленко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жаңы көп функционалдуу аянтчанын салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Объект Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулуп бүткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчысы мындай объектилерди куруу жаштарды спортко тартууга, алардын активдүү эс алуусу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндиктерди көбөйтүүгө багытталганын белгиледи.
Анын айтымында, борбор калаада социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер мындан ары да улантылат. Быйыл республикалык бюджеттин колдоосу, инвестициялар жана мэриянын каражаттарынын эсебинен Бишкекте 36 мектептин курулушу пландалууда.

Долбоордун алкагында аймакта кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы, ошондой эле балдар үчүн оюн аянтчалары курулду. Жалпы аянты 0,6 гектарды түзгөн комплексте тышкы жарыктандыруу системалары орнотулуп, чуркоо жолдору салынып, атайын резина жабуу төшөлдү.
Мындан сырткары гранит менен капталган сырткы тепкичтер жана пандустар орнотулуп, аймакты көрктөндүрүү жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча кошумча иштер жүргүзүлдү.
Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерин «Би Эм Ассист» ЖЧКсы аткарды. Жаңы объект шаар тургундарынын спорт менен машыгуусу жана эс алуусу үчүн заманбап шарттарды камсыз кылат.