Бишкекте корей театрынын заманбап өнөрү тартууланды
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Сеул искусство жана маданият фонду (SFAC) менен биргеликте «Театр алдыга умтулат» аттуу атайын театралдык программа өттү.
Эл аралык маданий алмашуунун алкагында уюштурулган иш-чара Кыргызстан менен Корея Республикасынын чыгармачылык кызматташтыгын бекемдөөгө багытталды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышып, сөз сүйлөдү. Ал Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы маданий байланыштардын маанисин белгилеп, мындай долбоорлор эки өлкөнүн чыгармачыл өкүлдөрүнө тажрыйба алмашууга жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.
Программанын жүрүшүндө кыргызстандык көрүүчүлөргө заманбап корей театрынын жаңы багыттары, чыгармачылык ыкмалары жана мүмкүнчүлүктөрү тартууланды. Өзгөчө театралдык программа эл аралык гастролдук маршруттун бир бөлүгү болуп, эки өлкөнүн маданият жана искусство тармагындагы кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга багыт алды.
Кечеге маданият жана искусство тармагынын өкүлдөрү, чыгармачыл инсандар жана театр сүйүүчүлөрү катышты.