Бишкекте курулуш компаниясы тротуарды бузганы үчүн 200 миң сом айыпка жыгылды

10-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 140

Бишкектин Көк-Жар кичи районунда курулуш иштерин жүргүзүп жатып тротуарды бузган компанияга 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Текшерүү 7-Апрель көчөсүндөгү курулуш объектисине түшкөн арыздын негизинде жүргүзүлгөн. Адистер жер казуу иштеринин жүрүшүндө тротуар бузулуп, айрым жерлерде жаракалар пайда болгонун аныкташкан.

Мындан тышкары, курулуш нормалары жана коопсуздук талаптары сакталбай, объект мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан иш жүргүзүлгөн.

Натыйжада «Улан Строй Компани» ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, лицензиясы 90 күнгө токтотулду. Компания «кара тизмеге» киргизилди.

Ошондой эле объекттин прорабы жана инженердик-техникалык кызматкерлери квалификациялык сертификаттарынан ажыратылып, курулушка жооптуу инспектор кызматынан бошотулду.

Министрлик компанияга бузулган тротуарды толугу менен калыбына келтирүүнү тапшырды. Ал эми курулуштагы оор жүк ташуучу атайын техникалар пайдаланууга тыюу салынып, мөөр басылды.

Учурда бузулган тилке тосмолонуп, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн кошумча жарыктандырылды.

10-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 140
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X