Бишкекте Кыргыз көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. №23 жана №203 автобустардын багыты өзгөрөт

15-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119

Бишкек шаарында 2026-жылдын 16-июнунан тартып Кыргыз көчөсүнүн Саадаев көчөсүнөн Кичи Чүй каналына чейинки бөлүгү транспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, чектөө жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу, инженердик коммуникацияларды жаңылоо жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында киргизилүүдө.

Аталган тилкеде оңдоо жана курулуш иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу №23 жана №203 автобус каттамдарынын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлөт. Өзгөртүлгөн маршруттар боюнча кошумча маалымат кийинчерээк жарыяланат.

Шаар бийлиги борбор калаанын тургундарын жана конокторун жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап алууну өтүндү.

Жол кыймылынын катышуучуларына альтернативдүү көчөлөрдү пайдалануу сунушталат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X