Бишкекте кыргыз-кытай сүрөтчүлөрүнүн «Айыл» аттуу эл аралык көргөзмөсү ачылат

3-август, 2026-ж. / Редакция / Маданият 95

2026-жылдын 6-августунда саат 15:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек жолу – 2026» кыргыз-кытай маданий алмашуу программасынын алкагында уюштурулган «Айыл» аттуу эл аралык көркөм сүрөт көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышы өтөт.

Көргөзмөнүн демилгечиси жана башкы куратору – Янь Юань. Ал белгилүү куратор, айыл аймактарын көркөм өнүктүрүү боюнча эксперт жана доктор.

Экспозицияда Кытай Эл Республикасынын ар кайсы аймактарынан келген кесипкөй сүрөтчүлөрдүн, чыгармачыл жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын, изилдөөчүлөрдүн жана жаш чыгармачыл өкүлдөрдүн эмгектери көрүүчүлөргө сунушталат.

Долбоор Кыргызстан менен Кытайдын маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүүгө, чыгармачыл байланыштарды бекемдөөгө жана «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагындагы көркөм өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган.

Көргөзмөнүн расмий ачылышынан кийин заманбап искусство, маданий кызматташтык жана чыгармачыл алмашуу маселелерине арналган кесиптик жолугушуулар жана талкуулар өтөт.

3-август, 2026-ж. / Редакция / Маданият 95
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X