Бишкекте кыргыз-кытай алакаларын чыңдоо боюнча маанилүү жолугушуу өттү
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай мамилелеринин учурдагы абалын жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Айрыкча маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.![]()
Кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы гуманитардык демилгелерди жана маданий байланыштарды мындан ары да активдүү улантууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле, Улан Маматканов Кытай делегациясынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусу маанилүү экенин айтып, бул эки элдин достук мамилелерин бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.