Бишкекте Кыргыз-Өзбек бизнес-форуму өтөт
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басары Хуррам Тешебаев менен жолугушту.
Тараптар 2026-жылдын 28-июлунда Бишкекте өтө турган Кыргыз-Өзбек бизнес-форумуна даярдыкты талкуулашты. Жолугушууда иш-чаранын программасы, катышуучулардын курамы, пленардык сессиялар, ошондой эле B2B жана B2G жолугушууларын уюштуруу маселелери каралды.
Мындан тышкары, форумдун алкагында кол коюла турган инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, өнөр жай кооперациясын чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган меморандумдар менен эки тараптуу документтер боюнча пикир алмашуу болду.
Жыйынтыгында тараптар форумга даярдык көрүү иштерин тыгыз координациялоону улантуу боюнча макулдашты. Белгиленгендей, бизнес-форум эки өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.