Бишкекте Кыргызстан менен Кореянын достугун бекемдеген экологиялык акция өттү
19-августта Бишкектеги Кыргызстан менен Кореянын достук паркында экологиялык акция өтүп, анын алкагында 70 даана гибискус бадалы отургузулду.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын элчиси Ким Кван Дже, Кореянын Кёнгидо провинциясынан келген жаш ыктыярчылар, «Кая КДЖИ» коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөлөрү катышты.
Мэр Айбек Джунушалиев акция Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы достук жана кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошорун белгиледи.
«Бүгүн биз жөн гана бадалдарды отургузбастан, элдерибиздин ортосундагы достуктун дагы бир символун жаратып жатабыз», — деди мэр.
Анын айтымында, экологияны коргоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана шаардык чөйрөнү жакшыртуу жаатындагы биргелешкен демилгелер маанилүү.
Акциянын негизги максаты — эки өлкөнүн достук мамилелерин чыңдоо менен бирге Бишкекти жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө салым кошуу.