Бишкекте Кыргызстан–Түрк кино күндөрү салтанаттуу ачылды

4-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120

Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында 3-июнь күнү «Кыргызстан – Түрк кино күндөрү» эл аралык кино иш-чарасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Иш-чара кызыл килем аземи менен башталып, ага түрк кино өкүлдөрү, кыргызстандык кинематографисттер, маданият ишмерлери жана кино сүйүүчүлөр катышты.

Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүүнүн маанисине токтолду. Ал мындай долбоорлор эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи.Возможно, это изображение один или несколько человек

Ошондой эле Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин Кино башкармалыгынын башкы директору Бирол Гювен сөз сүйлөп, маданий демилгелер эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө кызмат кыларын билдирди.Нет описания фото.

Белгиленгендей, «Кыргызстан – Түрк кино күндөрү» иш-чарасы 7-июнга чейин уланат

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X