Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн жаңы бакчанын курулушу башталды
Бишкек шаарында майыптыгы бар балдар үчүн 250 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу башталды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Үмүт чырагы» деп аталган бакчанын пайдубалына мезгил кутусун салды. Иш-чарада ал бул долбоор ата-энелер жана балдар үчүн чоң колдоо болорун белгиледи.
Маалыматка ылайык, бала бакча эки кабаттуу болуп, заманбап шарттар менен камсыздалат. Анда бөлмөлөр, ашкана, гимнастика жана музыка боюнча залдар орун алат.
Имараттын жалпы аянты 3 570 чарчы метрди түзөт. Курулуш толугу менен майыптыгы бар балдарга ылайыкташтырылат.
Долбоорду ARTWIN курулуш компаниясы ишке ашырат жана ага алдын ала эсеп боюнча 4 миллион доллар каражат жумшалат.