Бишкекте мамлекеттик тил боюнча жарнамалар текшерилди

5-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 78

Бишкек шаарында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, «№303 муниципалдык аймактык башкармалык» соода жана оюн-зоок борборлорунда, сулуулук салондорунда, банктарда, коомдук тамактануу жайларында, мейманканаларда, спорт комплекстеринде жана дүкөндөрдө жайгашкан сырткы жана ички жарнамаларды, ошондой эле көрнөк-жазууларды текшерди.

Мониторинг Жусуп Абдрахманов көчөсүндө жүргүзүлүп, жарнамалардын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамга шайкештиги бааланды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ишкерлерге мыйзам талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча эскертмелер берилди.

5-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 78
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X