Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн «Жусуп» тасмасы көрсөтүлдү
Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында медицина кызматкерлери жана фармацевттер үчүн «Жусуп» тарыхый-көркөм тасмасынын атайын көрсөтүүсү өттү.
2026-жылдын 5-октябрында уюштурулган иш-чарада көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу жана мамлекеттик ишмердиги баяндалган тасма тартууланды. Фильмде анын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү орду, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана ошол доордогу маанилүү тарыхый окуялар көркөм чагылдырылган.
Көрсөтүүдөн кийин көрүүчүлөр тасманын чыгармачыл тобу менен жолугуп, фильмдин жаралуу тарыхы, тартуу процесси жана чыгармачылык чечимдери тууралуу пикир алышты.
Медицина кызматкерлери жана фармацевттер тасма боюнча өз ойлорун бөлүшүп, чыгармачыл топко кызыктырган суроолорун беришти.