Бишкекте мектептердин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери текшерилди

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 105

 Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова менен биргеликте борбор калаадагы бир катар билим берүү мекемелеринде жүрүп жаткан курулуш жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Иш сапардын алкагында алгач №56 жалпы билим берүү мектебинде жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштери текшерилди. Учурда объектте демонтаждоо жана электр монтаждоо иштери аяктап, жасалгалоо жана курулуш-монтаждоо жумуштары уланууда.

Долбоордун алкагында мектеп имараты толугу менен жаңыланып, аймагына кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары, чуркоо жолдору, тышкы жарыктандыруу жана тротуарлар курулат.

Текшерүү учурунда Жогорку Кеңештин депутатынын сунушунун негизинде шаар мэри мектептин фасадынын заманбап архитектуралык чечимин иштеп чыгууну тапшырды. Анда билим берүү мекемесинин балдар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды камсыз кылышына өзгөчө көңүл буруу зарылддыгы айтылды.Нет описания фото.

Андан соң 500 окуучуга ылайыкталган №3 мектептин кошумча корпусунун курулушу менен таанышты. Долбоордо заманбап окуу класстары жана өнүккөн спорттук инфраструктура, анын ичинде кичи футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут аймагы жана чуркоо жолу каралган.

Мэр объектти кыдыруу учурунда психологдордун сунуштарын эске алуу менен ички бөлмөлөрдүн түс чечимдерин кайра карап чыгууну, санитардык түйүндөрдү сапаттуу жарыктандыруу менен камсыз кылууну, ошондой эле мектептин эски имаратынын фасадынын архитектуралык көрүнүшүн жаңылоону тапшырды.

Иш сапардын соңунда №64 мектептин кошумча корпусунун курулушу текшерилди. Подряддык уюмга кошумча жумушчу күчтөрдү тартуу, курулуш иштеринин темпин күчөтүү жана сапат талаптарын так сактоо милдети жүктөлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев подряддык уюмдарга жана тиешелүү шаардык кызматтарга бардык объекттердеги иштерди белгиленген мөөнөттө жана жогорку сапатта бүтүрүүнү камсыз кылууну тапшырды.

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 105
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X