Бишкекте Месарош көчөсүнүн бир бөлүгүнө капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө
Бишкек шаарында Месарош көчөсүнүн Профсоюз көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Шаардык муниципалдык ишкана Бишкекасфальтсервис тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер 2026-жылга карата бекитилген титулдук тизменин алкагында аткарылууда.
Учурда аталган тилкеде асфальт-бетон жабуусун төшөө иштери жүрүп жатат. Оңдолуп жаткан жолдун жалпы узундугу 1350 метрди түзөт.
Долбоорду ишке ашырууда жолдун негизин бекемдөөгө жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берген ресайклер технологиясы колдонулууда. Бул ыкма жол жабуусунун узак кызмат өтөөсүн камсыздоого багытталган.
Иштер толугу менен аяктагандан кийин бул тилке боюнча шаар тургундары жана коноктору заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу жол инфраструктурасын колдоно алышат.