Бишкекте муниципалдык кызматкерлер арасында велосипед маданиятын өнүктүрүү демилгеси башталды
Бишкек шаарында муниципалдык түзүмдөрдүн кызматкерлери арасында велосипед маданиятын өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилге ишке кирди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, демилге велосипедди шаар ичинде жүрүүнүн толук кандуу транспорт каражаты катары жайылтууну, экологиялык жактан таза шаардык мобилдүүлүктү өнүктүрүүнү жана жолдордогу транспорттук жүктөмдү азайтууну көздөйт.
Демилгеге мэриянын түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, ошондой эле муниципалдык ишканалар менен мекемелердин кызматкерлери ыктыярдуу негизде катыша алышат. Алар күн сайын жумушка барып-келүүдө велосипедди колдонуу аркылуу демилгени колдошот.
Мэриянын маалыматына ылайык, долбоордун негизги максаты – велосипеддин шаар ичинде жүрүүгө ыңгайлуу, жеткиликтүү жана натыйжалуу транспорт экенин көрсөтүү. Ошондой эле бул демилге экологиялык абалды жакшыртууга, жарандардын ден соолугун чыңдоого жана шаардык чөйрөнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Эң активдүү катышуучулар мэриянын расмий маалымат булактарында белгиленип, кварталдын жана жылдын жыйынтыгы менен сыйланышат.
Белгиленгендей, демилге ыктыярдуу негизде ишке ашырылып, бардык катышуучулар Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерин сактоого милдеттүү.