Бишкекте мурдагы №116 бала бакчанын ордуна комплекс куруу маселеси талкууланды

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 132

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Фрунзе көчөсү, 282а дарегиндеги мурдагы №116 бала бакчанын ордуна көп функционалдуу комплекс куруу маселеси боюнча жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Жолугушууда тургундар курулуштун коопсуздугу, нормалардын сакталышы, жашыл аймактардын, турак үйлөрдүн жана балдар аянтчасынын сакталышы боюнча маселелерди көтөрүштү.

Мэр курулуш компаниясына иштерди бөлүнүп берилген жер тилкесинин чегинен чыкпай жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле жашыл зоналарга жана турак үйлөргө зыян келтирбөө, курулуш техникасынын, анын ичинде мунаралуу крандын коопсуз иштешин камсыз кылуу милдеттендирилди.

Жеринде тосмодогу жаракалар жана бузулуулар да текшерилип, анын баштапкы чектерин өзгөртпөө жана курулуш тарабындагы бөлүгүн бекемдөө тапшырылды.

Мындан тышкары, долбоордо балдар аянтчасын жаңылоо каралган. Эгер курулуш учурунда аянтча бузулса, аны компания өз каражатына кайра калыбына келтирүүгө тийиш.

Тургундардын сунушу менен шаардык кызматтарга эс алуу жана воркаут аянтчасын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды. Ошондой эле жакын жайгашкан үйлөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, курулуш талаптарынын сакталышын текшерүү милдети коюлду.

Маалыматка ылайык, 150 орундуу мурдагы №116 бала бакча 1995-жылдан бери иштебей, кийин жеке менчикке өткөрүлүп берилген. Учурда бул аймакта 8 мамлекеттик жана 10 жеке бала бакча иштейт.

Инвестициялык долбоордун алкагында курулуш компаниясы муниципалитет сунуштаган башка жер тилкесине өз каражатына кеминде 500 орундуу жаңы бала бакча курат. Объект бүткөндөн кийин муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилет.

Айбек Джунушалиев шаар өнүгүшү керектигин, бирок ар бир курулуш мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүп, коопсуздук жана тургундардын мыйзамдуу кызыкчылыктары сакталууга тийиш экенин белгиледи.

Жыйынтыгында мэр курулуш компаниясына коюлган талаптарды так сактоону, ал эми тиешелүү шаардык кызматтарга алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X