Бишкекте Муромский көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

17-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15

18-апрелден тартып Бишкек шаарындагы Муромский көчөсүнүн Б. Алыкулов көчөсүнөн Кипкалов көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, жолду реабилитациялоо иштеринин алкагында канализация жана суу түтүктөрү оңдолуп, эки катмар асфальт төшөлөт. Ошондой эле ирригациялык система курулат.

Долбоор боюнча жолдун туурасы 14 метрди түзүп, эки тарабында 3 метрден тротуарлар салынат.

Мындан улам №23, 18, 135 жана 161-каттамдардын кыймыл чиймеси өзгөртүлүп, коомдук транспорт убактылуу башка жолдор аркылуу каттайт.

17-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X