Бишкекте мыйзамсыз таштанды төгүлгөн аймак тазаланды

6-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 180

2026-жылдын 5-июлунда Instagram социалдык тармагында «Бул Бангладеш эмес – бул Бишкек» деген аталыштагы видео жарыялангандан кийин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан ыкчам чаралар көрүлдү.

Маалымат жарыяланары менен тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен биргеликте иштер уюштурулуп, Бишкек шаарынын муниципалдык кызматтары видеодо көрсөтүлгөн аймакты тазалоого киришти. Бекитилген планга ылайык, санитардык тазалоо иштери толугу менен аяктады.

Учурда мыйзам бузууга алып келген жагдайлардын себептерин аныктоо, күнөөлүү адамдарды тактоо жана алардын аракеттерине мыйзам талаптарына ылайык укуктук баа берүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды айлана-чөйрөнү таза сактоого жана таштандыларды атайын белгиленген жайларга гана таштоого чакырат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, таштандыларды уруксат берилбеген жайларга таштоо жана айлана-чөйрөнү булгоо үчүн 23 миң сомго чейин административдик айып пул каралган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X