Бишкекте мыйзамсыз жер басып алуу жана курулуштарга каршы рейддер күчөтүлдү

25-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 178

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана уруксатсыз курулуш жүргүзүүгө каршы рейддер уланууда. Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 Жарлыгынын талаптарын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Ленин районунда 11-августта өткөрүлгөн рейд учурунда мыйзам бузуунун төрт фактысы аныкталды. №107 МАБдын аймагындагы 166-контурда ички пайдубал курулуп жатканы, 67-контурдагы Плодовое айылында мамлекеттик фонддун жерине убактылуу курулуш жүргүзүлгөнү белгиленди. Ошондой эле №109 МАБдын аймагында Кызыл Эмгек көчөсү, 4А дарегинде жана №1539 жер тилкесинде мыйзамсыз курулуштар аныкталды.

Свердлов районунда 6-августтагы текшерүүдө «Нуркожо-Ата» конушунун 11-көчөсүндөгү №453 жер тилкесине пайдубал куюу фактысы катталды. Ал эми 7-августта бир катар МАБдарда жүргүзүлгөн рейддерде мыйзамсыз жер басып алуу жана курулуш фактылары аныкталган эмес.

Октябрь районунда 14-августта жети МАБдын аймагында аэрофотосүрөттөрдүн негизинде текшерүү жүргүзүлүп, негизинен мыйзам бузуулар катталган жок. Бирок №406 МАБга караштуу «Анар-Бак» конушунун №6 участогунан жер тилкесин болжолдуу өз алдынча басып алуу фактысы аныкталды.

Аныкталган бардык мыйзам бузуулар боюнча материалдар укуктук баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Борбор калаада жер тилкелеринин мыйзамдуу пайдаланылышын көзөмөлдөө жана уруксатсыз курулуштарга бөгөт коюу боюнча рейддер мындан ары да туруктуу негизде жүргүзүлөт.

25-август, 2026-ж. / Редакция / Коом / #мэрия 178
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X