Бишкекте мыйзамсыз токтотулган 37 унаа эвакуацияланды

10-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13

Бишкек шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана тартипти чыңдоо максатында кезектеги рейд өткөрүлдү.

Маалыматка ылайык, иш-чара 9-апрелде саат 06:00дөн 09:00гө чейин уюштурулган. Үч саатка созулган рейддин жүрүшүндө атайын тыюу салуучу белгилерге карабай токтотулган, ошондой эле таштанды челектердин алдына жана коомдук транспорттун аялдамаларына коюлган 37 унаа эвакуацияланып, айып короо жайына жеткирилген.

Мындан тышкары, жашыл аймактарга унаа токтоткон айдоочуларга карата жалпы суммасы 38 500 сомду түзгөн 7 протокол түзүлгөн.

Ошондой эле таштанды аянтчаларынын жанына автоунаа калтырган айдоочуларга 6 000 сом өлчөмүндө 2 протокол жазылган.

Мэрия мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде улантыларын белгиледи.

Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып, унааларды аялдамаларга, жол жээгине жана жашыл аймактарга токтотпоону эскертти.

Белгилей кетсек, унааны туура эмес токтоткондор үчүн 1000 сом айып пул каралган. Протоколду жеринде түзүү 300 сомду түзсө, эвакуатор кызматтары 1600 сомго бааланат. Ал эми жашыл аймакка унаа токтоткон айдоочулар үчүн айып пул 5500 сомду түзөт.

10-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X