Бишкекте мыкты мугалимдерге автоунаа, батир жана акчалай сыйлыктар тапшырылды

5-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 90

Бишкекте Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, анда шаардык «2026-жылдын мыкты мугалими» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн иш-чарада сынактын биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарын ээлеген жалпы 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Мындан тышкары, сынакта жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен үч педагогго өзгөчө сыйлыктар берилди. Анын алкагында №84 мектептин «Адам жана коом» сабагынын мугалими Нургүл Карыбековага Chevrolet Cobalt, ал эми №118 мектептин тарых мугалими Жылдыз Белековага Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү автоунаалардын ачкычы тапшырылды.

Ал эми эң жогорку жыйынтыкты №31 мектептин музыка мугалими Нурбек Айдарбек уулу көрсөттү. Ага МИКтин турак жай программасынын алкагында «Асман Резиденс» турак жай комплексинен бир бөлмөлүү батирдин ачкычы берилди.

Мындан сырткары, мугалимге үй-бүлөсүнө керектүү тиричилик техникасын сатып алуу үчүн 500 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Салтанатта билим берүү тармагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлер да белгиленип, аларга ыраазычылык каттары, Ардак грамоталар, күмүш төш белгилер жана «Патриот» белгилери берилди. Ошондой эле Агартуу министрлигинин, Бишкек шаардык кеңешинин жана мэриянын атынан бир катар кызматкерлерге кол сааттар жана баалуу белектер тапшырылды.

5-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 90
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X