Бишкекте «Негиздөөчү аталар» панносу салтанаттуу түрдө ачылды
Бишкек шаарындагы «Old Bishkek» комплексинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башында турган көрүнүктүү инсандарга арналган заманбап «Негиздөөчү аталар» панносунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.
Аземдин жүрүшүндө белгиленгендей, жаңы панно кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон тарыхый инсандардын эмгегин даңазалоого, алардын мурасын келечек муундарга жеткирүүгө багытталган.
Салтанаттуу бөлүктөн кийин коноктор арт-галереяга барып, анда «Өчпөсүн өлкө өзөгү» аттуу китептин бет ачарына күбө болушту. Мындан тышкары, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов баяндама жасап, катышуучуларга «Негиздөөчү аталар» аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, «Негиздөөчү аталар» панносу тарыхый аң-сезимди чыңдоого, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана азыркы Кыргызстандын түптөлүшүндө өзгөчө роль ойногон инсандардын элесин түбөлүккө сактоого кызмат кылат.