Бишкекте «Олд Бишкек» соода комплексинин иши токтотулат
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Олд Бишкек» соода комплексинин аймагындагы көчмө жыйындын жыйынтыгында соода жайларын мөөр басып жабууну тапшырды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк техникалык режимде ачылганы менен, объект расмий түрдө пайдаланууга бериле элек. Буга карабастан, комплекстин аймагындагы айрым коммерциялык объекттер өз алдынча иштеп келген.
Мэр Айбек Джунушалиев белгилегендей, шаар бийлиги долбоорду шаардык инфраструктураны жаңылоо максатында колдогон. Бирок инвестор өзүнө алган милдеттенмелерди толук аткарган эмес.
Буга чейин Свердлов райондук администрациясы тарабынан 2026-жылдын 1-июлунда ижарачыларга аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча 122ге жакын билдирүү берилген.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында мэр инвестор бардык милдеттенмелерин аткарып, объект мыйзамда белгиленген тартипте пайдаланууга берилгенге чейин соода түйүндөрүнүн ишин токтотуу тапшырмасын берди.
Ошондой эле тиешелүү кызматтарга ижарачылар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана соода комплексинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча инвесторлорго кайрылуу зарылдыгын жеткирүү милдеттендирилди.
Ошол эле учурда жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк шаар тургундары жана коноктору үчүн ачык бойдон калат. Чектөөлөр соода жайларынын ишине гана тиешелүү.
Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев Чүй проспекти менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги демонтаж иштеринин, аймакты көрктөндүрүү жана фонтан аймагын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Шаардык кызматтарга курулуш жана көрктөндүрүү иштерин тездетип, аларды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүү тапшырмасы берилди.