Бишкекте онкологиялык оорулуу балдар үчүн 200 орундуу пансион курулууда

21-июль, 2026-ж. / Редакция / Медицина 198

Бишкекте онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдар жана алардын ата-энелери үчүн 200 орундуу пансиондун курулушу башталды. Бул тууралуу Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун Балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков билдирди.

Пансион Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында жайгашып, 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилери пландалууда.

Маалыматка ылайык, пансион оорукана алдындагы мейманкана форматында иштеп, балдар ата-энелери менен бирге химиотерапия курстарынын ортосунда ошол жерде жашай алышат.

Дарыгердин айтымында, мындай шарт алыскы аймактардан келген үй-бүлөлөрдүн жол чыгымдарын азайтып, кайра-кайра каттоонун зарылдыгын кыскартат. Ошондой эле инфекциялардын жана оорунун күчөп кетүү коркунучун төмөндөтүп, дарылоону үзгүлтүксүз улантууга жардам берет.

Султан Стамбеков белгилегендей, пансион балдар онкологиясын өнүктүрүүгө багытталган ишке ашырылып жаткан долбоорлордун бири болуп саналат. Буга чейин ал биринчи айым Айгүл Жапаровага балдар онкологиясын өнүктүрүүгө багытталган үч долбоорду сунуштаган. Учурда алардын баары ишке ашыруу баскычында турат.

21-июль, 2026-ж. / Редакция / Медицина 198
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X