Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө уланууда

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 64

Бишкекте күн ысык болгон учурда 18 тонна жана андан ашык салмактагы жүк ташуучу унаалардын муниципалдык жолдордо жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, чектөө 2026-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин, абанын күндүзгү температурасы 28°C жана андан жогору болгондо күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин колдонулат.

Мындай чара жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, муниципалдык жолдорду сактоо жана алардын пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында кабыл алынган.

Талаптардын аткарылышын Бишкек шаардык ИИББнин Жол кайгуул кызматы жана мэриянын Муниципалдык инспекциясы көзөмөлдөйт.

Мэрия айдоочуларды жана транспорттук компанияларды маршруттарды пландаштырууда чектөөнү эске алып, оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүн мүмкүн болушунча чектөө колдонулбаган убакытка жылдырууга чакырат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X