"Эркин-Тоо"

Бишкекте опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды — ВИДЕО

Бишкекте опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

2023-жылдын февраль айында 39 жаштагы жаран ички иштер органдарына Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунан күч колдонуу менен коркутуп акча талап кылган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Ага кол салгандар өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүбүз деп тааныштырып, күч колдонуп 4000 АКШ долларын талап кылышкан.

Бул факты боюнча Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап талап кылуу» менен иш козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кармалган шектүүлөрдөн мурда белгиленген 25 000 сом акча каражаты табылып алынган. Алар мурда оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Нарын облусунда 1991-жылы туулган А.уулу А. жана Жалал-Абад облусунда 1993-жылы туулган М.Т.  экендиги аныкталган. Учурда аталган кылмыш иш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!