Бишкекте «Орто-Алыш» суу топтомосунун кубаттуулугу кеңейтилүүдө
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 14-июлда «Орто-Алыш» суу топтомосунда ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда суу топтомосунун аймагында 12 сиңдирип алуучу көл иштеп жатат. Быйыл «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы өз каражатынын эсебинен он экинчи көлдү куруп бүттү. Ал объекттеги эң ири көл болуп саналат жана аны бир айдын ичинде пайдаланууга берүү пландалууда.
Маалыматка ылайык, жаңы көл жер астындагы суу запастарын жасалма жол менен толуктоо көлөмүн көбөйтүп, «Орто-Алыш» суу топтомосунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана борбор калааны ичүүчү суу менен камсыздоо системасынын ишенимдүүлүгүн арттырууга шарт түзөт.
«Орто-Алыш» суу топтомосу Бишкек шаарынын тургундарынын 40 пайыздан ашыгын ичүүчү суу менен камсыздайт. Ошондуктан анын туруктуу иштеши шаар үчүн стратегиялык мааниге ээ.
«Бишкексууканалдын» маалыматы боюнча, учурда бардык сиңдирип алуучу көлдөр суу менен толук камсыз болуп, суу ресурстарынын тартыштыгы катталган жок.
Шаар мэри Айбек Джунушалиев жакынкы күндөрү абанын температурасынын жогорулашы күтүлүп жатканын белгилеп, шаарды үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыздоо негизги милдет бойдон каларын айтты.
«Көрүлүп жаткан чаралар буга чейин эле оң натыйжасын берип жатат. Бирок шаардын сууга болгон муктаждыгы жыл сайын өсүүдө», — деди мэр.