Бишкекте президент Садыр Жапаровдун маалымат өтүп жатат
Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны башталды.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип жана ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет.
Белгилей кетсек, иш-чарага 160 тан ашуун ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттары катталган.
Маалымат жыйыны КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз эфирде чагылдырылууда.