Бишкекте репродуктивдик саламаттыкты сактоо боюнча маанилүү маселелер талкууланды

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 86

«Үй-бүлөнү пландаштыруу 2030» (ҮП2030) Консультативдик кеңешинин жылдык отуруму өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун Калк фондунун (ЮНФПА) колдоосу менен уюштурду.

Жыйында өлкөнүн репродуктивдик саламаттык сактоо жаатындагы беш улуттук милдеттенмесинин аткарылышынын жыйынтыктары талкууланды.

Отурумду ачкан саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев аялдардын ден соолугун коргоодо сапаттуу консультацияларга жана заманбап контрацепция ыкмаларына жеткиликтүүлүктүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, бул багыт өзгөчө аймактарда жашаган аялдар жана медициналык-социалдык тобокелдиги жогору топтор үчүн актуалдуу.

Жыйындын жүрүшүндө жетишилген натыйжалар менен катар, репродуктивдик саламаттыкты сактоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн мындан ары жакшыртуу боюнча актуалдуу маселелер каралды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X