Бишкек шаарынын мэриясы Министрлер Кабинетинин жеке мобилдүүлүк каражаттарына (ЖМК), анын ичинде электр самокаттарына байланышкан токтом долбоору учурда ведомстволор аралык макулдашуу жана коомдук талкуу стадиясында экенин билдирди.
Долбоорго ылайык, шаар аймагында ЖМКнын максималдуу ылдамдыгын саатына 25 км/сааттан 15 км/саатка чейин төмөндөтүү каралууда. Бул чаралар акыркы жылдары самокаттар катышкан жол кырсыктарынын жана талаштуу кырдаалдардын көбөйүшү менен түшүндүрүлүүдө. Мэриянын маалыматына караганда негизги максат жөө жүргүнчүлөрдүн жана самокат колдонуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу.
Тиешелүү ченемдик акт али расмий түрдө кабыл алына элек болсо да, Бишкектеги ири ижара операторлору анын ичинде Yandex, ToGo, Sun Rent жана башка компаниялар мэриянын демилгесин колдоп, өз каражаттарында ылдамдыкты ыктыярдуу түрдө чектөөгө киришишти.
Мэрия белгилегендей, рынокто ижаралык самокаттардын ылдамдыгы чектелгени менен, чекене сатууда дагы эле жогорку ылдамдыкка ээ моделдер бар. Бул жагдай кошумча тобокелдиктерди жаратууда.
Ошондуктан шаардык бийлик электр самокаттарын саткан ишкерлерди төмөнкү чараларды ишке ашырууга чакырды: техникалык мүмкүнчүлүк болсо, ылдамдыкты программалык түрдө 15 км/саатка чейин чектөө; сатып алуучуларды мүмкүн болуучу чектөөлөр жана жаңы эрежелер тууралуу маалымдоо; ошондой эле шаарда коопсуз колдонуу маданиятын жайылтуу.
Мэрия бардык тараптардын жергиликтүү бийлик органдарынын, операторлордун, сатуучулардын жана колдонуучулардын биргелешкен аракеттери шаардык коопсуздукту жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Ошол эле учурда, талаптар аткарылбаса жана кырсыктар көбөйө берсе, муниципалитет жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонууга толук тыюу салуу маселесин кароого аргасыз болору эскертилди.
Бишкек мэриясы жол коопсуздугу жалпы жоопкерчилик экенин баса белгилеп, бардык катышуучуларды эрежелерди сактоого чакырды.