Бишкекте санитардык талаптарды бузган 9 коомдук тамактануучу жайдын иши убактылуу токтотулду
Бишкек шаарында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды одоно бузган коомдук тамактануу жайларына карата текшерүү жүргүзүлүп, алардын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.
Маалыматка ылайык, иш-чаралар Бишкек мэриясынын тапшырмасынын негизинде жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын мыйзам бузууларга өбөлгө түзгөн себептерди жоюу боюнча токтомун аткаруу максатында уюштурулган. Текшерүүгө ведомстволор аралык комиссия тартылган.
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Бейшеналиева көчөсүнүн Чүй проспектисинен Пушкин көчөсүнө чейинки тилкесинде жайгашкан бир катар коомдук тамактануу жайларында санитардык нормалардын олуттуу бузулгандыгы аныкталган.
Буга чейин берилген эскертүүлөр жана текшерүүнүн жыйынтыгы эске алынып, 2026-жылдын 15-июлунда санитардык мыйзам талаптарын сактабаган 9 коомдук тамактануу жайынын иши убактылуу токтотулду.
Ленин райондук муниципалдык администрациясы шаар тургундарынын ден соолугун коргоо жана санитардык талаптардын сакталышын камсыздоо багытындагы иштер мындан ары да улантыларын билдирди.