Бишкекте ШКУ-2026 Инвестициялык бизнес-форуму жыйынтыкталып, 150 млн долларлык келишимдерге кол коюлду
Бишкек шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Инвестициялык бизнес-форуму өз ишин ийгиликтүү аяктады. Эл аралык иш-чара ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы инвестициялык жана ишкердик кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталып, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, инвестициялык фонддордун, өнүктүрүү институттарынын жана технологиялык компаниялардын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту.
Форумдун жүрүшүндө катышуучулар түз диалог жүргүзүп, инвестициялык кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты, тажрыйба алмашып, келечектүү өнөктөштүк байланыштарды түзүштү.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Бишкекте алгач ирет уюштурулган ШКУ Инвестициялык бизнес-форумунун маанисине токтолуп, мындай аянтчалар өлкөлөр ортосундагы диалогду конкреттүү инвестициялык долбоорлорго айландырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Анын айтымында, форум жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү, биргелешкен демилгелерди талкуулоо жана инвестициялык байланыштарды бекемдөө үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болду. Ошондой эле Кыргызстан бардык кызыкдар тараптар менен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Форумдун жыйынтыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий өкүлдөрү биргелешкен резолюцияга кол коюшту. Документ уюмдун алкагында инвестициялык форумдарды жана ишкердик иш-чараларды жыл сайын өткөрүү тажрыйбасын өнүктүрүүгө багытталган.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында жалпы суммасы 150 миллион АКШ долларын түзгөн 12 инвестициялык жана соода келишимине кол коюлду. Алардын арасында өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган меморандумдар жана макулдашуулар бар.

Форумдун программасына инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктердин жетекчилеринин баяндамалары, санариптик экономиканы өнүктүрүү, жашыл трансформация жана саламаттыкты сактоо темаларындагы панелдик сессиялар, ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн катышуусундагы B2B жолугушуулар кирди.
ШКУ-2026 Инвестициялык бизнес-форумунун уландысы катары 25-июнда Бишкектеги Жаштык Арена аянтчасында ШКУ өлкөлөрүнүн өнөр жай жана инвестициялык кызматташтык көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө катышуучу мамлекеттердин өнөр жай потенциалын тааныштырып, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө багытталат.