Бишкекте ШКУнун Инвестициялык форумуна даярдык маселелери талкууланды

25-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 172

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин  башчысы Равшанбек Сабиров үстүбүздөгү жылдын 24–25-июнунда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Инвестициялык форумуна даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулууда.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев, экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө форумду жогорку деңгээлде өткөрүү, эл аралык инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин инвестициялык-экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн тааныткан көргөзмөнү уюштуруу маселелери талкууланды.

Жыйын учурунда сүйлөгөн сөзүндө Равшанбек Сабиров аталган форум Кыргызстандын инвестициялык потенциалын эл аралык деңгээлде таанытуу, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү жана экономикалык байланыштарды кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча болорун белгиледи. Анын айтымында, иш-чаранын ийгиликтүү өтүшү үчүн бардык шарттарды түзүү жана инвесторлор менен бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда натыйжалуу диалог уюштуруу негизги багыттардын бири болуп саналат.

Катышуучулар алдыдагы форум ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөгө, инвестицияларды тартууга жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Иш-чаранын алкагында Темир Сариев өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, инвестициялык потенциалды чыңдоого жана ишкердик чөйрөнү колдоого кошкон салымы үчүн “Инвестициянын мыктысы” сыйлыгы менен сыйланды.

Жыйындын соңунда катышуучулар ШКУнун Инвестициялык форуму Кыргызстандын жана уюмга мүчө мамлекеттердин инвестициялык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык аренада илгерилетүүгө, жаңы инвестицияларды тартууга жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө маанилүү салым кошоруна ишеним билдиришти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X