Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелген жаран кармалды

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 148

Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жаранды кармашты.

Маалыматка ылайык, атайын үйрөтүлгөн «Макси» аттуу кызматтык-издөөчү иттин жардамы менен өткөрүлгөн иш-чаранын натыйжасында 1995-жылы туулган А.у.М. аттуу жаран кармалган. Жеке кароо учурунда андан жалпы салмагы 28 грамм болгон психотроптук зат табылып алынган.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү коңшу мамлекеттен келген эл аралык почта жөнөтмөсүн алгандыгы аныкталган. Аталган кутуну текшерүүдө жашыруу максатында тиричилик мешинин ичине катылган жалпы салмагы 1 килограмм 33 грамм болгон психотроптук зат табылган.

Мындан тышкары, кармалган жарандын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 6 грамм салмактагы баңгизат каражаты алынган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү «К» интернет-дүкөнүндө иштеп, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында психотроптук заттарды «тайник-закладка» ыкмасы аркылуу таратып жүргөндүгү аныкталган.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, алынган баңгизат партиясы сатылып кеткен учурда мыйзамсыз кирешенин көлөмү 5 миллион сомдон ашмак.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында Кыргызстандын аймагында 7 миңден ашык бир жолку дозадагы синтетикалык баңгизаттардын жайылышына бөгөт коюлду.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X