Бишкекте «Талас Лига — Жайкы Кубок» футбол турнири өттү
Бишкек шаарында Талас облусунан келген 32 команданын катышуусунда «Талас Лига — Жайкы Кубок» аталышындагы футбол турнири уюштурулду.
Спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Медина Кайрылбекованын колдоосу менен өткөрүлүп, анын негизги максаты — массалык спортту өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу жана жаштарды спортко активдүү тартуу болду.
Турнирдин жүрүшүндө командалар өз күчтөрүн сынап, кызыктуу жана атаандаштыкка бай оюндарды көрсөтүштү. Иш-чарага катышкан Медина Кайрылбекова өспүрүмдөр спортун колдоо жана жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Депутат ошондой эле мелдешти уюштурган тараптарга ыраазычылык билдирип, жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин куттуктады. Жеңишке жеткен командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.
«Талас Лига — Жайкы Кубок» турнири жаштарды спортко кызыктыруу, достук мамилелерди чыңдоо жана футболду өнүктүрүү багытындагы маанилүү иш-чаралардын бири болду.