Бишкекте темир жол өтмөгүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 96

Бишкектеги Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө оңдоо иштерине байланыштуу унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, Бишкек-1 — Бишкек-2 темир жол тилкесинин 3778-чакырымында өтмөктүн тосмо жабдуулары алмаштырылат.

Оңдоо иштери 8–11-октябрь күндөрү саат 21:00дөн 06:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул убакта өтмөк аркылуу унаалардын өтүүсү жарым-жартылай чектелип, жолдун бир тарабы кезек менен жабылат.

Айдоочуларга убактылуу чектөөлөрдү эске алып, каттамын алдын ала пландап алуу сунушталат.

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 96
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X