Бишкекте түнкү автобус каттамдары ишке киргизилет

3-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 221

Бишкек шаарында 2026-жылдын 3-июлунан тартып муниципалдык түнкү автобус каттамдары пилоттук режимде ишке киргизилет. Автобустар алгачкы каттамын саат 23:00дө баштайт.

Пилоттук долбоордун биринчи этабында №3, №16, №19, №35, №45 жана №56 автобус каттамдары жүргүнчүлөрдү тейлейт. Ар бир каттамга үчтөн автобус чыгарылып, алар күн сайын саат 23:00дөн 05:00гө чейин бекитилген график боюнча каттайт.

Долбоордун негизги максаты — борбор калаанын тургундары менен конокторун түнкү убакта коопсуз, ыңгайлуу жана жеткиликтүү коомдук транспорт менен камсыз кылуу.

Түнкү каттамдардын жол киреси накталай эмес төлөмдө (банктык карта, транспорттук карта же QR-код аркылуу) 70 сомду түзөт. Ал эми накталай төлөмдө жол кире 90 сом болот.

Муниципалитет белгилегендей, түнкү автобус каттамдарын пилоттук негизде ишке киргизүү шаардагы транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртып, тургундар менен шаар конокторунун түнкү убактагы коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзөт.

3-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 221
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X