Бишкекте түнкү ызы-чууга көзөмөл күчөтүлдү
Бишкектин төрт районунда «Тынчтык жөнүндө» мыйзамдын талаптарынын сакталышын текшерген рейддер уланууда. Иш-чараларга райондук администрациялардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышууда.
Рейд учурунда бир катар коомдук тамактануучу жайлар, курулуп жаткан объектилер жана футбол аянтчалары текшерилди. Алардын арасында «Сенатор», «Шахноза», «Flo Resto&Bar», «Sky Baku Steak House», «Nox», «Павлин Мавлин», «Soulist», «Империя пиццы», «Мюнхен Паб», «Sushi Room», «Zira» жана башка жайлар бар.
Мэриянын маалыматына караганда, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары аныкталган жок. Мекеме жетекчилерине жана жооптуу кызматкерлерге тынчтык режимин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эске салсак, Бишкекте жумуш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин тынчтыкты сактоо талап кылынат.