Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Башкы катчысы Рамиль Хасанды кабыл алып, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Жолугушууда 19–20-октябрда Бишкекте өтө турган ТүркПАнын жыйындарына даярдык маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш боордош мамлекеттердин парламенттери менен түзүлгөн кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Анын айтымында, Бишкектеги жыйындар парламенттер аралык диалогду чыңдоого жана мамлекеттер аралык байланыштарды бекемдөөгө багытталган маанилүү аянтча болот.
Ошондой эле Төрага ТүркПАнын ишин өркүндөтүү, парламенттер аралык кызматташтыктын практикалык механизмдерин күчөтүү жана моделдик мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча сунуштарын билдирди. Айрыкча Ассамблея алкагында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө механизмдерин жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде ТүркПАнын Башкы катчысы Рамиль Хасан Ассамблеянын учурдагы ишмердүүлүгү жана Бишкекте өтө турган жыйындардын мазмундук жана уюштуруучулук даярдыгы тууралуу маалымат берди.
Жолугушууда боордош мамлекеттердин парламенттеринин ортосундагы байланышты кеңейтүүгө багытталган мындан аркы иштер да талкууланды.