Бишкекте үч эм төрөлдү

15-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 165

Бишкек шаарында үч эм жарыкка келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын 36 жаштагы тургуну 22-апрелде ооруканага түшкөн. Ал кош бойлуулуктун 31-жумасында болуп, оор даражадагы преэклампсия жана плацентанын эрте ажырашынан улам төрөт коркунучунда турган.

Дарыгерлер тарабынан бейтапка дем алуу бузулуу синдромунун алдын алуу боюнча тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, веноздук тромбоэмболиялык татаалдашуулардын жогорку коркунучуна байланыштуу антикоагулянттык терапия жүргүзүлгөн.

30-апрелде кош бойлуулуктун 32-жумасында операция жолу менен үч эм төрөлдү. Ымыркайлардын бири эркек. Салмагы 1730 грамм. Ал эми кыздардын салмагы 1590 жана 1460 грамм болгон.

Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Рыскүл Асакеева  билдиргендей, ымыркайлар жетилбей төрөлгөндүктөн жаңы төрөлгөн балдардын реанимация бөлүмүнө жаткырылып, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.

Анын айтымында, учурда эне менен балдардын абалы туруктуу.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X