Бишкекте үч күн бою «АгроТехЭкспо – 2026» көргөзмөсү жана «Алтын күз» жарманкеси өтөт

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 100

23–25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т. Усубалиев атындагы аянтта «АгроТехЭкспо – 2026» көргөзмөсү жана «Алтын күз» жарманкеси уюштурулат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, иш-чара саат 09:00дөн 18:00гө чейин өтөт.

Көргөзмөдө айыл чарба техникалары, заманбап технологиялар, мультиспектралдык дрон жана дыйкандарга арналган iDiykan санариптик платформасы көрсөтүлөт. Ошондой эле асыл тукум мал чарбасынын жана балык чарбасынын жетишкендиктери тааныштырылат.

Ал эми «Алтын күз» жарманкесинде өлкөнүн аймактарынан келген фермерлер жана ата мекендик өндүрүүчүлөр жашылча-жемиш, эт, сүт азыктары, бал жана башка айыл чарба продукцияларын социалдык баада сатышат. Атап айтканда, картошканын килограммы 25 сомдон, эт 770 сомдон сунушталат.

 

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X