Бишкекте үч жаңы өнөр жай объектиси ишке кирди

14-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 137

Бишкек шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата үч жаңы өнөр жай объектиси ачылып, ишке берилди. Салтанаттуу аземге президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.

Алардын бири — Чыңгыз Айтматов проспекти, 1 дарегинде жайгашкан «КыргызТрансформатор» ЖЧКсынын базасында ачылган трансформатор өндүрүүчү жаңы цех. Долбоорго 262 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышты.

Ошондой эле мурдагы «Полибетон» ААКсынын аймагында «Биринчи индустриалдык комплекс» ЖЧКсынын кошумча кондитердик цехи ишке кирди. Ага 306 млн сом инвестиция жумшалган. Объекттин ачылыш аземине Ленин районунун акими Тариел Айтиев катышты.Возможно, это изображение текст

Үчүнчү долбоор — курулуш металл конструкцияларын жана металл буюмдарын өндүрүүгө адистешкен «Флагман компани» ЖЧКсынын жаңы ишканасы. Анын курулушуна 175 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын ачылышына Биринчи Май районунун акими Улан Сарылбек уулу катышты.

Жалпысынан үч долбоордун алкагында 250дөн ашык жаңы жумуш орду түзүлөт.

Жаңы өндүрүштөрдүн ишке кириши Бишкектин өнөр жай потенциалын кеңейтип, ата мекендик өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө жана шаар экономикасына инвестиция тартууга шарт түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X