Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун 85 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү

22-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 104

21-июнда Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 85 жылдыгына арналган «Эскерүү шамы» жана «Ысымды кайтаруу» эл аралык акциялары өткөрүлдү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, дипломатиялык корпус, коомдук уюмдар, ардагерлер, ыктыярчылар жана шаар тургундары катышты. Алардын катарында Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу Рахат Мусаева, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана Куралдуу Күчтөрдүн өкүлдөрү болду.

Рахат Мусаева өз сөзүндө тарыхый эстутумду сактоо жана аны келечек муундарга жеткирүүнүн маанисин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан боюнча жагылган эскерүү шамдары Жеңиш үчүн күрөшкөн муунга болгон урмат-сыйдын жана ыраазычылыктын символу болуп саналат.

Маданий программада белгилүү артисттер жана чыгармачыл жамааттар согуш темасына арналган чыгармаларды аткарышты. Ошондой эле Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Динара Абдыкадырова Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинен Толгонайдын монологун көрүүчүлөргө тартуулады.

Быйылкы акциянын негизги темасы согуш жылдарындагы аялдардын эрдигине арналды. Бишкектеги оттуу композиция Советтер Союзунун Баатыры Евдокия Паськонун элесине арналса, өлкөнүн аймактарында тылда жана майданда эмгектенген аялдардын Жеңишке кошкон салымы эскерилди.

«Ысымды кайтаруу» акциясынын алкагында мурда дайынсыз жоголгон деп эсептелген Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан жарандары тууралуу архивдик документтер алардын жакындарына тапшырылды. Алардын тагдыры көп жылдык издөө иштеринин натыйжасында аныкталганы маалымдалды.

Иш-чаралар «Жеңиш ыктыярчылары» кыймылы, «Память народа – Эл Эстейт» издөө кыймылы жана Ленинград блокадачыларынын Кыргызстандагы коому тарабынан мамлекеттик, коомдук жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулду.

22-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 104
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X