Бишкекте унаадан жолго тамеки ыргыткан айдоочуга 3 миң сом айып салынды

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 161

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев унаанын терезесинен жолго тамекинин калдыгын ыргыткан жаранды видеого тартып, социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Бул фактынын негизинде Муниципалдык инспекция тартип бузган жаранды аныктап, ага коомдук жайларда тазалык эрежелерин бузганы үчүн 3 миң сом өлчөмүндө айып пул салды.

Муниципалдык кызмат шаар тургундарын жана айдоочуларды коомдук тартипти сактоого жана айлана-чөйрөнүн тазалыгына жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X